• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бакудагы Универсиадада кыргызстандык студенттер эки медаль алышты

Спорт 0

Бишкек, 09.04.18. /Кабар/. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин Бакудагы Универсиадасынын биринчи күнүндө Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттери Жузупбеков Үзүр жана Токтобаев Бекжан эки медаль алышты.

Жузупбеков Үзүр 97 кг чейинки салмак категориясында грек-рим күрөшү боюнча күмүш, ал эми Токтобаев Бекжан 70 кг чейинки салмак категориясында эркин күрөш боюнча коло медаль алышты.

Оюндар 5-апрелде башталган, 10на чейин уланат.

Кыргызстандын курама командасы шахмат, үстөл тенниси, волейбол, грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана дзюдо боюнча мелдештерге катышат.

Пикир

Оставить комментарий