• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бакыт Шаршеев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.07.22./Кабар/. Бакыт Шаршеев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июлда жаңы дайындалган мэрди президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева жамаатка тааныштырды. Ага мекемелердин жетекчилери жана облус активи катышты.

Эмгек жолу:

1986-жылы — Тянь-Шань чарбалар аралык көчмө механикалык колоннасы, жыгач уста;

1988-1996-жылдары — "Райсельремстрой" Тянь-Шань чарба аралык өндүрүш башкармалыгы, жыгач уста, бригадир, мастер;

1997-2001-жылдары — "Нарын" ЭЭА, коопсуздук кызматынын инспектору; туризм боюнча адис.

2000-2002-жылдары — "Салкын Төр" ЖЧКсы, директор;

2001-2007-жылдары — "Темир" мамлекеттик ишканасы, Нарын облусу боюнча өкүлчүлүктүн жетекчиси;

2007-2013-жылдары — "Winline" ТМ Sapatcom ЖЧКсы, башкы директор;

2013-2015-жылдары — "Ата-Журт" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты;

2015-2021-жылдары — "Техно Ресурс" ЖЧКнын башкы директору;

2021-2022-жылдары – "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын башкы директору.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Пикир

Оставить комментарий