• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бакыт Шаршеев өлкөнүн түштүгүндөгү 5 аэропорттун ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы - башкы директор Бакыт Шаршеев Кыргызстандын түштүгүнө болгон иш сапарында “Ош”, “Баткен”, “Жалал-Абад”, “Исфана” жана “Караван” аэропортторунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Инфраструктуралык объектилерди текшерүү учурунда ал аэропорттун кызматкерлери менен жолугушту.

“Жолугушуу жемиштүү болду. Б.Шаршеев жамааттын каалоолорун жана сунуштарын кабыл алып, жакынкы келечекке пландаштырылган иштер жана долбоорлор жөнүндө айтып берди”,-деп айтылат маалыматта.

Башкармалыктын төрагасы жамаат менен мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз болуп тураарын, кызматкерлер компаниянын жетекчилигине өз сунуштарын жана каалоолорун ачык айта алышаарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий