• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бактыбек Сыдыков “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери болду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Депутат Бактыбек Сыдыков “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын кезектеги жыйынында фракциянын лидери катары Бактыбек Сыдыков дайындалды.

Эскерте кетсек, аталган фракциянын мурдагы төрагасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы көрсөтүп, "Ишеним", "Альянс" фракциялары жана "Элдик" тобу колдогон.

Белгилей кетсек, парламенттин мурдагы төрагасы Талант Мамытов Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жыйынында кызматтан кетип жаткандыгын билдирип, бул анын жеке чечими экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий