• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бакыт Төрөбаев: Айыл чарба тармагын өнүктүрүүдөгү 9 кластерде өсүш бар

Өкмөт 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорунун ишке ашырылышы боюнча мамлекеттик ведомстволордун, банктардын жана айыл чарба тармагындагы ишкерлердин катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Отурумда 2026-жылга чейин президенттин тапшырмасына ылайык тоок жумурткасы, эт, сүт, кумшекер, өсүмдүк майы, дан азыктары, картошка, жер-жемиш жана мөмө-жемиштер сыяктуу азык-түлүктөрдүн 9 кластеринде өсүш болуп жатканы белгилүү болду.

Статистикага келе турган болсок, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча импортту кошпогондо, кластердик колдоонун негизинде атамекендик өндүрүшчүлөр тарабынан өзүбүздү тоок жумурткасы менен 53,9%, кумшекер 58,5%, өсүмдүк майы 20,2%, дан азыктары 33,8%, эт азыктары 92,7%, мөмө-жемиштер 28,4% менен камсыздалууда.

Өсүш 100% ашканы дагы бар, маселен сүт азыктары 118,6%, картошка 192,5%, жер-жемиш 178,3% калк камсыздалууда.

Бакыт Төрөбаев 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бөлүнгөнүн билдирди.

“Айыл чарба тармагын көтөрүүдөгү багыттардын бири катары кластердик өнүгүүнү карасак болот. Мындайча айтканда, кластер — киреше табуу максатында чакан айыл чарба өндүрүшчүлөрүнүн өз ыктыяры менен биригүүсү. Ошондо өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабыз. Бул мамлекеттик коопсуздукту камсыздоонун бир бөлүгү экенин дайым айтып келем. Ошондой эле, бул үчүн 2026-жылга чейин эң көп керектелүүчү азык-түлүктөр менен өзүбүздү өзүбүз камсыздоо боюнча президент тапшырма койгон, биз аны аткаруубуз зарыл”, - деди ал.

Белгилей кетсек, 2022-жылы министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорун ишке ашырууга 10 млрд сом бөлүү каралган. Бул каражат ишкерлерге “Айыл банк” жана “РСК Банк” банктары аркылуу жеңилдетилген насыя түрүндө берилет.

Минкаб башчысынын орун басары бөлүнгөн каражаттар өз убагында максаттуу жумшалышына тиешелүү банктар жооптуу экенин кошумчалады.

“Бул тармакты өнүктүрүү үчүн быйыл дагы 7 кластер кошулуп жатат жана ал дагы кошумча каражат. Буга түздөн-түз “Айыл банк” жана “РСК Банк” жооптуусуңар. Дыйкандар быйыл эмне эгээрин Айыл чарба министрлиги сиздер алдын ала айтып турушуңуздар керек. Ошондо ишкерлер экспортко чыгууда жана жергиликтүү жарандарды азык-түлүк менен камсыздоодо маселелер жаралбайт”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, кластердик системанын принцибинде иштеген ишканалар өз тармагында лидер болуп калат жана мындай өзүн-өзү камсыздоонун пайыздык көрсөткүчтөрү 100% чыгаруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий