• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бакыт Төрөбаев Азербайжандын премьер-министринин орун басары менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Азербайжанда жумуш сапары менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев аталган өлкөнүн премьер-министринин орун басары Али Ахмедов менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2022-жылдын август айында Баку шаарында өткөрүлгөн кыргыз-азербайжан Өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун Протоколунун аткарылышын талкуулашты.

Ошондой эле, жолугушууда эки өлкөнүн лидерлеринин 2022-жылы Азербайжан Республикасына жана Кыргыз Республикасына болгон иш сапарларынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар мамлекет башчыларынын сапарларынын жыйынтыктары соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну активдештирүү үчүн жаңы келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгилешти.

Алар мындан тышкары Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун ишке ашырууда зарыл болгон ички жол-жоболор аяктагандыгына байланыштуу, жакынкы аралыкта фондду практикалык жактан баштоо пландарын канааттануу менен белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бишкекте кыргыз-азербайжан Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын уюштурууну макулдашты, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда кыргыз-азербайжан бизнес форумун өткөрүү ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий