• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бакыт Төрөбаев Азербайжандын Сумгаит технологиялык паркына барды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.03.23. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжанга болгон жумуш сапарынын алкагында кабель чыгаруучу аймактагы эң ири ишканалардын бири Сумгаит технологиялык паркынын иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Бакыт Төрөбаев мамлекеттин ичинде өнөр жай муктаждыктары үчүн жеткирилип, ошондой эле Азия менен Европанын көптөгөн өлкөлөрүнө экспорттолуп жаткан 30дан ашуун кабель буюмдарын чыгаруунун толук цикли менен таанышты.

Заводдун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары күчөтүүнүн келечеги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий