• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бакыт Төрөбаев бир катар ирригациялык объектилердин жана өнөр жай ишканаларынын абалы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө бир катар ирригациялык объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Ал Чүй айланма каналынын экинчи кезектеги курулушунун долбоору, Боролдой суу сактагычын жана Шамшы дарыясындагы суу сактагычты куруунун долбоорлору менен таанышты.

Бакыт Төрөбаев аталган долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, алардын курулушу аймактардын сугат менен камсыздалышын жогорулатат жана жаңы сугат жерлерин ишке киргизип, жалпы Чүй облусу боюнча ирригация маселесин жакшыртат деп билдирди.

Учурда аталган долбоорлордун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо процесси уланууда.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоордун эффективдүү жана сарамжалдуу варианттарын тандап алуу менен бул маселелерди сапаттуу иштеп чыгууну тапшырды.

Сапар алкагында министрлер кабинетинин башчысы Ысык-Ата районундагы «Аталык» май заводуна барып, соя майын чыгаруу процесси менен таанышты.

Бакыт Төрөбаев май өсүмдүктөрүнүн кластерин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи жана өндүрүштү өнүктүрүүдө Министрлер Кабинетинин зарыл колдоо көрсөтүүгө даярдыгын ырастады.

Ошондой эле ал жүзүм көчөттөрү отургузулган жана тамчылатып сугаруу тутуму пайдаланылып жаткан компаниянын тажрыйба участогун көрдү.

«Аталык» агроөнөр жай холдингинин башкы директорунун орун басары Талгат Укубаевдин айтымында, уюм дыйкандарга тамчылатып сугаруу тутумун колдонуу ыкмаларын үйрөтөт.

«Тамчылатып сугаруу системасы абдан натыйжалуу жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Жабдууларды колдонуу кыйын эмес. Эң негизгиси айрым техникалык өзгөчөлүктөрдү билүү, тигил, же бул айыл чарба өсүмдүктөрүнө канча нымдуулук керектелет жана канча жолу сугаруу керектигин билүү зарыл. Дыйкандар үчүн тамчылатып сугаруу системасынын долбоорун иштеп чыгып, тиешелүү жабдууларды тандап, аны колдонуу боюнча кеңештерди беребиз», - деди компаниянын өкүлү.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары ошондой эле борбордогу Чоң Чүй каналындагы көпүрөнүн курулушун көзөмөлдөдү, бүгүнкү күндө анда каналдын түштүк тарабындагы жээк тирөөчтөрүн орнотуу иштери жыйынтыкталган.

Мындан тышкары, ал тиешелүү мамлекеттик органдарга Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте суунун өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн курулуш иштерин тездетүү маселесин кыска мөөнөттө иштеп чыгууну тапшырды.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле Бишкек шаарындагы «Аква Сервис» балык чарбасынын иши менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий