• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бакыт Төрөбаев бир катар мамлекеттик ишканалардын абалын көзөмөлдөдү

Өкмөт 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунда жайгашкан бир катар мамлекеттик ишканалардын абалын көзөмөлдөдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ал «К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин окуу-тажрыйба жүргүзүү чарбасы», «К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетине караштуу кант кызылчасы боюнча Кыргыз тажрыйба-селекциялык станциясы», «Кара-Балта спирт заводу», «Дан» мамлекеттик ишканаларынын иши жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, учурда Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттин катышуу үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун менеджментинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

«Өзгөчө көңүл чыгашалуу ишканаларды менчиктештирүү мүмкүнчүлүгү менен иштөө форматын кайра карап чыгууга бурулат. Мамлекетке олуттуу киреше алып келбеген ишканаларда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору ишке киргизилет. Бардык мамлекеттик ишканаларга KPI системасын киргизүүнү эске алуу менен өнүгүү планын, кирешени көбөйтүү жана ишти өркүндөтүү боюнча бизнес-пландарды даярдоо тапшырылды», - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кант кызылчасы боюнча Кыргыз тажрыйба-селекциялык станциясынын базасында фермерлерди окутуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүнү, ал эми К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин окуу-тажрыйба чарбасына мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында өнүгүү варианттарын карап чыгуу сунуштады.

Жумушчу сапардын жыйынтыгы боюнча Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мамлекеттик ишканаларды таза пайдадан 50% чегерүүлөрдү төлөөдөн бошотуу жөнүндө чечимдин долбоорун киргизүүсү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий