• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бакыт Төрөбаев «Бишкекнаабайкана» ишканасынын абалы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев учурда иштебей турган «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Ишкана коронавирустук инфекция пандемиясы учурунда өндүрүштү токтотууга аргасыз болгон жана өндүрүш процессин калыбына келтирүүгө каражаттын жоктугунан токтоп турат.

Бакыт Төрөбаев наабайкананы ишке киргизүү маселесин иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди.

«Кыргыз Республикасынын президенти өлкө боюнча токтоп турган ишканаларды калыбына келтирүү жана ишке киргизүү милдетин койду. Гранттык каражаттардын эсебинен курулган «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасы жакшы жана социалдык багыты бар. Ишкананы муниципалитеттин каражатынын эсебинен, же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ишке киргизүү зарыл», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий