• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бакыт Төрөбаев: Биз өздүк продукциясы экспорттоого багытталган ишканаларды колдоону улантабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Кант цемент заводу» ачык акционердик коомуна жана «Шоро» жабык акционердик коомуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, Кант цемент заводу өлкөдө артыкчылыктуу долбоор деп таанылып, курулушу ишке ашырылып жаткан – Камбар-Ата- 1 ГЭСин, жаңы социалдык жана инфраструктуралык объектилерди сырье менен камсыздай алат.

«Ири гидроэнергетикалык жана инфраструктуралык объектилердин курулушун баштоо үчүн жогорку сапаттагы цемент көп талап кылынат. Ошондуктан, биз продукциясы ички жана тышкы рынокто эбак эле таанылган бул ишканага чоң үмүт артабыз», - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, учурда ишканада өндүрүштү реконструкциялоо жана жаңылоо процесси жүрүүдө. Анын ичинде майдалоочу жабдууларды модернизациялоо, айланма мештерди реконструкциялоо жана жакшыртуу иштери да бар.

Андан ары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары 1992-жылдан бери улуттук суусундуктарды жана минералдык булак сууларын чыгарып келе жаткан «Шоро» жабык акционердик коомунун өндүрүштүк ишканасында болду.

Учурда компаниянын продукциясы экспортко чыгат, анын ичинде Перс булуңундагы өлкөлөргө да ташылат. Бириккен Араб Эмираттарында компания бөтөлкөдөгү ичүүчү суунун сапат сертификатын алууга жетишти, ал жаңы техникалык стандарттарына жооп берген шартта бөтөлкөдөгү ичүүчү сууну чыгарган дүйнөлүк компанияларга гана берилет.

Бакыт Төрөбаев ишканадагы менеджменттин жогорку деңгээлин жана жыл сайын экспорттун үлүшүн көбөйтүү менен прогрессивдүү өнүгүүгө умтулуусун белгиледи.

«Өлкөнүн кызыкчылыгы жана улуттун саламаттыгы үчүн иштөө деген өзгөчө философияны карманган «Шоро» компаниясы экологиялык таза продукция чыгарууга бел байлаган башка өндүрүүчүлөргө үлгү болоруна ишенем. Экологиялык жактан таза жана сапаттуу продукциянын аркасында үчүнчү өлкөлөргө даяр продукцияны сатууга мүмкүндүк берген репутация пайда болду», — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев.

Пикир

Оставить комментарий