• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бакыт Төрөбаев бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бизнес-ассоциациялардын жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлагандай, Бакыт Төрөбаев өлкөнүн өнүгүүсүндөгү бизнестин маанилүү ролун белгиледи.

«Бизнес - өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүдөгү локомотив болуп саналат жана Министрлер Кабинети тарабынан бизнес үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу максатында колдон келген күч-аракеттер жумшалат. Кыргызстанда 2896га жакын ишкер бюджетке салыктык түшүүлөрдүн негизги бөлүгүн камсыздайт. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө ишкерлердин көлөмдүү салымы бар жана өлкө жетекчилиги муну жакшы түшүнөт. Буга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын июнь айында ишкерлер менен чоң жыйын өткөрүү сунушталууда. Биз бизнес менен биргеликте форум ийгиликтүү жана жемиштүү өтүшү үчүн жолугушуунун форматын талкуулагыбыз келет», - деди Бакыт Төрөбаев.

Бизнес-ассоциациялар мамлекеттик органдар менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүнө кошумча түрткү бере турган бир катар сунуштарды киргизди.

Ошондой эле кеңешме алкагында бизнес форумду уюштуруу жана аны өткөрүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий