• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бакыт Төрөбаев: Чакан ГЭСтердин келечеги чоң

Өкмөт 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү мамлекеттин приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат, буга байланыштуу энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана андан ары ишке ашыруу милдети коюлган.

«Электр энергетика комплекси керектөөчүлөрдү жыл бою энергия менен ишенимдүү камсыз кылууга жөндөмдүү. Чакан ГЭСтерди жигердүү курууну баштоо менен электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жана туруктуу камсыздоого, экономикалык жоготууларды кыскартууга жана ошол эле учурда өлкөдөгү ишкер жана инвестициялык климатты жакшыртууга жетише алабыз», - деп белгиледи Бакыт Төрөбаев, анын пикиринде, инвесторлор генерациялоочу булактарга мамлекет кошумча инвестицияларды сала ала турган жерлерге келет.

Кеңешменин жүрүшүндө чакан гидроэнергетиканын өнүгүшүнө тоскоолдук келтирген көйгөйлөр айтылды. Анын негизги себептеринин бири катары ашыкча бюрократия аталды, мында жөнгө салуу-уруксат берүүчү жол-жоболор чакан ГЭСтерди долбоорлоо жана куруу процессин кыйла жайлатууда.

Муну эске алуу менен чакан ГЭСтердин курулушун баштоону жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү, ошондой эле айыл чарба объектилерин электр энергиясы менен камсыз кыла турган мурда иштеп келген чакан станцияларды кайра түзүү сунушу айтылды.

Жыйындын катышуучуларынын айтымында, кичи дарыялар, агын суулар, табигый шаркыратмалар жана суу агымдары чакан ГЭСтерди курууга кеткен чыгымды азайтууга шарт түзүп, бирок алар айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Кеңешменин жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кичи ГЭСтерди куруу үчүн келечектүү участокторду техникалык-экономикалык негиздемеге жараша тандап алууну жана чакан ГЭСтерди куруу аракеттерин укуктук жактан жеңилдетүү үчүн кошумча механизмдерди иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий