• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бакыт Төрөбаев: IT адистерин даярдоо мезгил талабы

Өкмөт 0

Бишкек, 10.02.23./Кабар/. “Айлык маянасы жогору турган кызматкерлердин катарына IT адистери кирет жана аларга болгон талап дагы жогору болууда. Ошол себептүү, кыска мөөнөттүү IT адистерин даярдап чыгаруучу атайын курстарды уюштурууну сунуштайм. Аларды окутуу жайына келе турган болсом, Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик эс алуу жайларын сезондон тышкары мезгилде колдонсо болот”, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин коллегиясында.

Ошондой эле, бүгүнкү күндө көпчүлүк эл Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылаарын белгилеп өттү. Ошол себептүү, жер жерлерде ачылып жаткан калкты тейлөө борборлорунда өзгөчө жөнөкөй жарандарга шарт түзүүнү тапшырды.

“Дагы бир кошумчалап кетүүчү жагдай. Отчетто Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоору аткарылбаганы айтылып жатат. Бул үчүн жооптуу кызматкердин жоопкерчилиги каралышы керек. Баарыңыздарга белгилүү коомдун коопсуздугу биринчи орунда турат”, - деди Бакыт Төрөбаев.

2023-жылга Санариптик өнүктүрүү министрлигинин негизги иштеринини бири иштелип жаткан Санариптик Кодексти аягына чыгаруу жана архивдик документтерди санариптештирүү каралган.

Ошондой эле, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү, жогорку окуу жайды бүткөндүгү жөнүндөгү диплом электрондук түргө өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий