• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бакыт Төрөбаев: Кытай Кыргызстан үчүн ишенимдүү коңшу, дос жана өнөктөш

Өкмөт 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай Эл Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Төрөбаев Кыргызстан Кытай менен достук жана жакшы коңшулук мамилелерин ар тараптан өнүктүрүүгө зор маани берээрин билдирди.

“Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы көп жылдык жакшы коңшулук мамилелерге ээ жана биздин экономикалык кызматташтыгыбыз жыл сайын чыңдалууда. Тышкы экономикалык байланыштар жаатында Кыргызстан Кытайды өзүнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири катары карайт. Кыргыз тарап өз ара сооданын динамикалуу өнүгүшүнө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдар”, - деди ал.

Ал ошондой эле, Кытай Кыргызстан үчүн негизги стратегиялык соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири экиндигин билдирди.

“Кыргызстандын президентинин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын ийгиликтүү өткөнүн белгилеп кетүү мен үчүн кубанычтуу. Биздин өлкөлөрдүн лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү”, - деп кошумчалады Бакыт Төрөбаев.

Маалымат үчүн, Кытай Эл Республикасынан келген инвестициялар Кыргыз Республикасына келген чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмүнүн дээрлик үчтөн бирин түзөт, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ал 22,9%ды түзгөн.

Бакыт Төрөбаев, ошондой эле мамлекеттер аралык мамилелердин алкагында жана ишкер чөйрөлөрдүн ортосунда өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруу өтө маанилүү экендигин белгиледи.

“Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы, ошондой эле жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жакынкы келечекте Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин көрсөткүчтөрүндө чагылдырылат деп ишенем. Кытай тарапка бул жолугушууну жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем”, - деп сөзүн жыйынтыктады Бакыт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, кыргыз-кытай ишкерлер жолугушуусуна Кыргызстандан 20дан ашуун ишкер, ал эми СУАРдан 80ден ашуун ишкер катышып өздөрүнүн тармактары боюнча тажрыйба алмашат. Анын жыйынтыгы менен эки тараптуу келишимдер түзүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий