• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бакыт Төрөбаев полиэтиленден кагазга өтүү боюнча жумушчу топ түзүүнү сунуштады

Өкмөт 0

Бишкек, 20.05.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Экономика жана коммерция министрлигинде кагаздан жасалган баштыктарды чыгаруучу ишкерлердин катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында негизинен Ысык-Көл облусунун аймагында желим баштыктарды колдонуудан жана сатуудан экологиялык жактан таза кагаздан жасалган баштыктарга этап-этабы менен өтүү маселеси талкууланып, анда тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен өндүрүүчүлөр өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Жолугушуунун соңунда Бакыт Төрөбаев коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусунда экологиялык жактан таза кагаздан жасалган баштыктарга этап-этабы менен өтүү боюнча иш алып барган жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий