• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Төрөбаев президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн коллегиясына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясынын жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жыйында Бакыт Төрөбаев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун эки жыл аралыгында аткарган иштери тууралуу маалымат берүү менен жергиликтүү бийликке тиешелүү маселелерге токтолду.

“2022-жыл бюджеттен айлык, пенсия, жөлөк пул алгандар үчүн жакшы жыл болду. Мындай кескин жогорулоолор акыркы 15 жылдан бери дээрлик болгон эмес. Жылды жакшы жыйынтыктадык. Жалпы мамлекет боюнча аткарылган иштерди эл менен тыгыз иштешкен сиздер дагы айтып, элге жеткиришиңерди суранабыз”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары республика боюнча макроэкономика жана финансыдагы жетишкендиктер, Кумтөрдүн мамлекетке кайтарылышы, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын чечилиши, Баткендеги куралдуу кагылуушулар, “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушу жана алдыда аткарыла турган пландар тууралуу айтты.

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы өлкөнүн өнүгүүсүн аныктоочу негизги документ болуп саналат. Планга ылайык Министрлер Кабинети 2023-жылга карата 554 иш-чараны аткарат.

“Ар кандай тышкы жана ички тоскоолдуктар болбой койбойт деп эч ким кепилдик бербейт, бирок баарыбыздын көздөгөн максатыбыз бир болгондо кандай тоскоолдук болбосун жеңип өтөбүз жана 2023-жылга бекитилген республикалык бюджеттин 503 млрд сомун толтурабыз”, - деди ал.

Ал эми президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө ар бир айыл өкмөттүн башчысын, акимдердин орун басарларын, райондук маанидеги шаарлардын мэрлерин аттестациядан өткөрүү, райондордун бир жылдык өнүгүү программасын иштеп чыгуу, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, санариптештирүү системасын жакшыртуу, азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу, экспорттуу илгерилетүү, инвестиция тартуу жана көмүскө экономиканы кыскартуу сыяктуу бир катар тапшырмалар берилип, милдеттер коюлду.

Пикир

Оставить комментарий