• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бакыт Төрөбаев Токтогул жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин абалы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Токтогул ГЭСинин жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин абалы менен таанышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал ошондой эле Камбар-Ата -1 ГЭСин курууга даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бир күн мурун Бакыт Төрөбаев энергетикалык компаниялардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине карай даярдык көрүү маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары калкты жана экономика тармактарын жылытуу мезгилине карата электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында белгиленген бардык иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Сапар жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий