• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бакыт Төрөбаев жана Дүйнөлүк банк өкүлчүлүгүнүн директору энергетиканы өнүктүрүү маселесин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду өнүктүрүү, анын ичинде калктын социалдык аялуу катмары үчүн долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун башка актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар ошондой эле Бишкек шаарында 8-апрелде өтүүчү «Кыргызстандын энергетикалык секторун трансформациялоо» аттуу энергетикалык форумга даярдык көрүү боюнча уюштуруу маселелерин талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий