• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын м.а. болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Торобаев Бакыт Эргешевич КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жарлык менен КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна дайындоого Төрөбаев Бакыт Эргешевичтин талапкерлигин КР Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизүү токтом кылынат.

Пикир

Оставить комментарий