• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бакытбек Дүйшөмбиев “Бишкексууканал” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. Бакытбек Дүйшөмбиев “Бишкексууканал” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койгон. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Буга чейин ал Бишкек шаарынын вице-мэри кызматын ээлеп, шаар куруу тармагын көзөмөлдөөчү. Ишкананын мурунку жетекчиси Асылбек Исаев өз каалоосу менен кызматынан кеткен.

Дүйшөмбиевдин милдетин убактылуу турак жай жана коммуналдык чарба тармагын көзөмөлдөөчү вице-мэр Рыспек Сарпашов аткарат.

Пикир

Оставить комментарий