• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бал, кургатылган мөмө жана жаңгак. Кувейттиктердин кызыгуусун жараткан кыргыз азыктары

Коом 0

Эль-Кувейт, 22.02.19. /Кабар/. Кувейт мамлекетинин “Лулу” аттуу эң ири гипермаркеттеринин биринде кыргыз азыктарынын көргөзмөсү өттү. Кувейттиктерге бал, кургатылган мөмө-жемиштер жана жаңгак тартууланган.

КРнын Кувейттеги элчилигинин экономикалык, саясий жана соода маселелери боюнча кеңешчиси Абдулазиз Ботбаев билдиргендей, бул гипермаркеттин 30 өлкөдө өзүнүн өкүлчүлүгү бар.

“Эгер биздин ишкерлер “Лулу” менен келишим түзө алышса, өз азыктарын бир гана Кувейтке эмес, Араб булуңунун баардык өлкөлөрүнө ташып келе алышат. Ошол себептен биз бул компания менен көптөн бери иш алып баруудабыз. Дүкөндүн жетекчилигине биздин ишкерлердин баалары тууралуу айтып, биздин азыктарды көрүүгө алып келдик. Андан кийин алар бизге көргөзмө уюштуруп, өзүбүздүн азыктарыбызды коюуга уруксат беришти”, - деди ал.

Ботбаев билдиргендей, бул “Лулу” гипермаркети менен кызматташтык орнотууда биринчи кадам. “Биз азыктарга жарнама кылдык. Андан тышкары, биз “Лулунун” 20дан ашуун өнөктөштөрүнүн байланыш телефондорун алып, биздин ишкерлерге бердик. Эми алар дүкөндөр түйүнүнүн жетекчилиги менен түздөн-түз байланыша алышат”, - деп кошумчалады ал.

Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө Кувейттин “Карифур” дүкөндөр түйүнүндө кыргыз ак бал сатылып келет.

“Кээде ошол кыргыз балын алуу үчүн, ал жака жеке ишкерлер атайын келишет”, - деп баса белгиледи Ботбаев.

КРнын элчисинин кеңешчиси билдиргендей, Кыргызстан менен Кувейттин ортосунда кызматташуу потенциалы абдан чоң. Анткени бул араб өлкөсү баардыгын импорттойт.

“Жөн эле салыштыруу үчүн алсак, бул жакта арбуз 3 динар турат (700 сом), ал эми бизде - 70 сом. Баардык чыгымдарды кошкондо да бизге бул жакка сатуу пайдалуу. Бүгүнкү күндө алдыда логистика маселелисин чечүү тапшырмасы турат. Учурда Кыргызстан-Кувейт түз учак каттамдарын ачуу маселесинин үстүндө Jazeera Airways жана Kuwait Airways компаниялары менен тыкыр иш алып баруудабыз”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий