• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бала бакчада 5 жашар кызга тийишкен педагогдун иши сотко өттү

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.11.18. /Кабар/. Бишкектеги жеке бала бакчалардын биринде 5 жашар кызга тийишкен педагогдун иши сотко өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, прокуратура баардык текшерүү иш-чараларын аяктап, аталган иш сотко өткөрүлүп берилген.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы жеке бала бакчалардын биринде ийримдеги үйрөтүүчү болуп иштеген педагог 5 жашар кызга сексуалдык мүнөздөгү ыплас иш-аракеттерди жасаган деп шектелүүдө. Шектүү 1986-жылкы шаар тургуну ошол эле күнү кечинде кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий