• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бала бакчадан тарбиячысы менен сейилдөөгө чыккан 7 жашар кыз адашып кеткен

Коом 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 29-январда болжол менен саат 14:00 чамасында Кайгуул милициясынын кызматкерлери Токтогул көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде белгисиз кичинекей кыздын жалгыз жүргөнүн көрүшкөн.

Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, кыздан тактап сураганда, ал 7 жаштагы Б.А. аттуу кыз экендигин, адашып кеткендигин айткан.

Милиция кызматкерлери, бөбөк «Центр дедского развития kid staг» жеке бала бакчасынын тарбияланучуусу экендигин жана тарбыячысы менен сейилдөөгө чыкканда адашып калганын аныкташкан.

Милиция кызды бала бакчанын тарбиячыларына жана апасына өткөрүп берди.

Пикир

Оставить комментарий