• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бала бакчалар арасында “Чоң ата, чоң эненин жомогу” аталышындагы республикалык долбоор башталды

Маданият 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бала бакчалар арасында “Чоң ата, чоң эненин жомогу” аталышындагы республикалык долбоорун баштады.

Маалыматка ылайык, "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыкты иш жүзүнө ишке ашыруу максатында Маданият, маалымат министрлиги жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы менен биргеликте кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгон үй-бүлөнүн бүтүндүгүн сактоого бирден бир себеп болгон сөз өнөрүн аздектөө максатында бала бакчалар арасында “Чоң ата, чоң эненин жомогу” аталышындагы республикалык долбоорун баштады.

Долбоор алгач Бишкек шаарындагы № 184 “Бүчүр” бала бакчасында башталып, алгачкы жомокчулар КРнын эл артисти Калийча Сейдалиева жана режиссер – сценарист Абдурасул Эшалиев болду.

Долбоордун максаты - муундан-муунга мурас болуп келе жаткан кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгон сөз өнөрүн баккан жомокчуларды эл ичинен тандап алуу;

- үй-бүлөнүн бүтүндүгүн, улуулугун баалоо;

- жомокчулук өнөрдү жандандыруу;

- жомокчуларга шык берүү жана колдоо көрсөтүү;

- улуттук маданиятты жана баалуулуктарды сактоо, даңазалоо;

- бала бакчадагы жаш жеткинчектердин кабыл алуу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү;

- жаш бөбөктөрдү мекенди сүйүүгө, жаратылышка аяр мамиле жасоого, эне тилди сактоого, улуттук баалуулуктарды айырмалай билүүгө калыптандыруу болуп саналат.

“Чоң ата, чоң эненин жомогу” марттан декабрь айына чейин уланып, Кыргызстандагы бардык бала бакчалары камтылат.

Жомокчулар болуп, маданият жана искусство кызматкерлери, элдик педагогдор (мыкты жомокчу чоң ата, чоң эне), педагогдор, филологдор жана тарыхчылар, кол өнөрчүлөр катыша алат. Долбоор Маданият министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбор тарабынан координацияланат.

Пикир

Оставить комментарий