• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бала-бакчалар качан иштеп баштайт? – вице-премьер-министрдин жообу

Коом 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев бала бакчалар качан иштей баштай тургандыгы тууралуу айтып берди.

Маалымат жыйында ага 11-майда жумушка чыга баштасак, бала бакчалар качан иштей баштайт деген суроо берилди.

Анын айтымында, 1, 11 жана 21-майда иштеп баштайт деген ишкана-мекемелерден тышкары, тизмеге кирбеген ишкана-мекемелер, анын ичинде билим берүү мекемелери, бала бакча, мектептер өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери алынгандан кийин иштеп баштайт.

"Ал эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Эгер 1-июнга карата абал турукташса, алар 1-июндан тарта иштей баштайт. Эгерде андан кийин маселелер боло берсе, алар кийинчерээк 10, 15-июнда же июль айында ачылат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий