• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бала бакчалардагы тамак-аштын сапаты текшерилет - министрлик

Коом 0

Бишкек, 25.06.18. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги республиканын бала бакчаларындагы тамак-аштын сапатын текшерет. Мындай тапшырманы министр Гүлмира Кудайбердиева берди.

Мектепке чейинки мекемелердеги тамак-аштын сапатына байланыштуу жарандардан келип түшкөн арыздын негизинде шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнө комплекстүү текшерүүнү уюштуруу тапшырмасы берилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат, - деп кабарлашты ведомствонун басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий