• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бала бакчаларга электрондук кезекте 30 миңден ашык бала турат

Коом 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Бала бакчаларга электрондук кезекте 30 миңден ашык бала турат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Билим берүү министрлигинин маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Расул Маматов билдирди.

Бала бакчага электрондук система ишке киргенден тарта 40 миңден ашык бала бала бакчаларга кабыл алынган.

Учурда ал тутум Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунда иштейт. 2020-жылдан тарта ал Токмок, Кемин, Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Кара-Балта, Балыкчы шаарларында иштей баштайт.

Пикир

Оставить комментарий