• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бала бакчанын 3 кызматкеринен коронавирус аныкталды − Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 07.06.20. /Кабар/. Бала бакчанын 3 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, учурда өлкөдө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин жандандырууга уруксат берилген. Ошол эле учурда ал жакта иштеген бардык кызматкерлерди коронавируска текшерүү чечими кабыл алынган.

“Текшерүү жүргүзүү учурунда 3 адамдан коронавирус аныкталды. Ал нерсе текшерүү иштерин жүргүзүү керектигин көрсөттү. Арыз тапшырган 2,5 миң кызматкердин баары текшерилип чыгат. Алардын анализдери таза чыккандан кийин гана иштөөсүнө уруксат берилет. Азыр текшерүү иштери уланууда”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий