• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. Бала бакчанын бардык кызматкерлерине скрининг жүргүзүлөт − вице-мэр

Коом 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Эртең, 5-июндан тарта Бишкекте мектепке чейинки билим берүү мекемелери ишин жандандырат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, республикалык штаб балдарды кабыл алуудан мурда мамлекеттик жана жеке бала бакчалардын кызматкерлерине коронавируска текшерүү жүргүзүүнү колдоду.

“Бала бакчалардын жетекчилери тез арада кызматкерлеринин тизмесин өзүнүн районунун акимчилигине тапшырышы керек”, - деди ал.

Ал билдиргендей, шаардык эпидемия жана эпизоотияга каршы комиссиясы тарабынан төмөнкү долбоорлор даярдалды:

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин убактылуу ишмердүүлүгүнүн регламенти

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде билим алган балдардын ата-энелери толтуруучу анкета.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барганда өз баласынын ден соолугун камсыз кылуу боюнча ата-эненин милдеттенмесинин формасы.

“Долбоорлор мамлекеттик органдар менен макулдашылат жана менчигинин түрүнө карабастан Бишкек шаарынын аймагындагы бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдары тарабынан аткарылууга тийиш”, - деди ал.

Аны менен бирге ал бала бакчаларда жеке гигиенаны сактоо үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп, дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалоо иштери жүргүзүлүп, бөлмөлөр желдетилип турушу жана башка тиешелүү шарттар аткарылышы керектигин айтып өттү.

“Ар бир ата-эне баласын коопсуздугуна ишенимдүү болушу керек. Ошол эле учурда ата-энелер да үйдө жеке гигиенаны күчөтүп, балдарды беткап менен камсыз кылыш керек. Бала бакчалардын жетекчилерине тиешелүү санитардык-гигиеналык шарттарды уюштурууга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырам”,- деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкекте 87 муниципалдык, 13 мекемелик жана 218 жеке бала бакча бар.

Пикир

Оставить комментарий