• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Бала кезимден ак халат кийүүнү кыялданчумун” – обсервацияда иштеген медайым

Ден соолук 0


Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлеринин расмий майрамы – Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин күнү жакындап келе жатат. Медицина кызматкерлеринин күнүн утурлай “Кабар” агенттиги Шаардык студенттер поликлиникасынын медайымы Венера Камбарова менен маектешти. 12-июндан тарта ал 14 күндүк үй изоляциясында болууда.

Коронавируска байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги Венера Камбарова иштеген поликлиникада чет жерден келген кыргызстандык жарандар үчүн обсервация түзгөн.

- Канча жылдан бери саламаттык сактоо тармагында иштеп келесиз, медицина тармагын тандаганга өкүнгөн учур болгон эмес беле?

- Шаардык студенттер поликлиникасына 1996-жылы келгем. 24 жылдан бери саламаттык сактоо тармагында иштеп келем. 2014-жылдан бери башкы медайым болуп иштейм. Өкүнгөн учур болгон эмес. Бала кезимден ак халат кийип, бейтаптарды дарылап, коомго пайдалуу иш кылууну кыялданчумун. Мен өз кесибим менен сыймыктанам.

- Обсервацияга иштөөгө барууну кантип чечтиңиз? Ал чечимге жакындарыңыздын, туугандарыңыздын көз карашы кандай болду?

- Чынын айтканда мен өз өлкөмдүн патриоту болом. Ошондуктан биздин ооруканада обсервация түзгөндө өлкөм үчүн деп ал жакта иштөөнү чечтим. Эл алдындагы милдетимди аткаргым келди.

Үй-бүлөмдүн көз карашы тууралуу айтсам, алар мени колдоду. Менин бир уул, бир кызым бар.

- Силерге келгендердин арасында коронавирус жуктургандар да болушу ыктымал. Ооруну жуктуруп алам деген чочулоо болгон жокпу? Обсервацияга келген адамдар менен кандайдыр бир көйгөйлөр жаралган жокпу?

- Чынын айтканда, коркуу сезими болду. Себеби ооруну жуктуруп алуу тобокелдиги бар. Бирок патриоттуулук сезими күчтүүрөөк болуп, мендеги коркуу сезимдерин басып койду. Бул жакка келген жарандар менен иштөөдө коопсуздук чараларын так аткаруу керек, ошондо ооруну жуктуруп алуудан алыс болосуң.

Бул жакка келген жарандар менен эч кандай маселе жаралган жок. Аларга жакшы шарт түзүүгө аракет кылабыз. Алар менен сүйлөшүп, жеке гигиенаны сактоо жана ортодогу аралыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.

- Азыр сиз үй изоляциясында болуп жатасыз. Бош убактыңыз пайда болсо керек?

- Ооба, нөөмөт менен иштегенге туура келүүдө. 14 күн жумушта, 14 күн үй изоляциясында болуудабыз. Жумушка чыгардын алдында сөзсүз түрдө коронавируска тест тапшырабыз.

14 күн үй изоляциясында болгондо көбүрөөк бош убакыт пайда болот. Үй иштери менен алектенебиз, бакчада да көп иштерди жасаш керек. Ошондой эле балдарыма көбүрөөк убакыт бөлүүдөмүн.

- Сиздин оюңузча ооруну жуктургандардын санынын көбөйүшү эмне менен байланыштуу?

- Менимче, ал жарандардын кайдыгер мамилеси жана санитардык эрежелерди аткарбагандыгы менен байланыштуу. Көптөр кырдаалдын олуттуу экенин түшүнбөй жатат.

- Өзүн жана жакындарын коронавирустан коргоо үчүн жарандарга кандай кеңеш бере аласыз?

- Менин жөнөкөй эле кеңешим бар. Биринчи кезекте жеке гигиена эрежелерин сактап, Саламаттык сактоо министрлиги берген бардык кеңештери аткаруу керек.

- Маегиңизге рахмат. Келе жаткан кесиптик майрамыңыз – Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз.

Пикир

Оставить комментарий