• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бала коркунучта. Кимге байланышуу керек?

Коом 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Биринчи май акимчилигинде кылмыштуулуктун алдын алуу жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча координациялык кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйын Биринчи май районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Аида Рысбаеванын төрагалыгы алдында райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн, райондук билим берүү борборунун, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекторунун, МАБдын социалдык маселелер боюнча жетекчилеринин жана адистеринин катышуусунда өттү.

Райондук билим берүү борборунун, Биринчи май РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын 2021-жылдын 9 айына карата отчеттору угулду.

Жыйынтыгында укук бузуулардын, жашы жете электердин суицидинин жана балдарга карата ырайымсыздыктын жана зомбулуктун, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иштерди жана ведомстволор аралык кызматташууну күчөтүү, ошондой эле, үймө-үй кыдыруу аркылуу турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү, ал эми өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу үчүн компьютердик клубдарда, эл көп чогулган жерлерде пландан тышкары рейддерди өткөрүү чечими кабыл алынды.

Бишкек мэриясы балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болсоңуз, балдарды жана үй-бүлөнү колдоо боюнча муниципалитеттин ишеним телефонуна кайрылууну өтүнөт:

- Биринчи май району: 0 (312) 67-03-86;
- Ленин району: 0 (312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0 (312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0 (312) 51-03-75.

Пикир

Оставить комментарий