• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бала тарбиялоонун үч стилин кармангандар бар

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. 2012 – жылы атайын Президенттин жарлыгы менен “Үй –бүлө жылы” катары жарыяланганда май айынын 3 – жекшембисин энелер күнү катары белгилөө демилгеленип, жыйынтыктуу колдоо болгон. Ошондон бери бул майрамга көңүл буруу салтка айланып калды. Негизи эне үчүн ар бир күн майрам болушу керек. Үй –бүлөнүн тынчтыгы, баланын күлкүсү менен кубанычы бул эне үчүн туруктуу майрам. Энелердин эмгегин баалап, балалыктын бактылуу доорун камсыздоо үчүн мамлекет тарабынан жасалып жаткан мыкты аракеттердин башаты жөлөкпул төлөө менен сүйүнчү пулдун таратылышы. Бул жаатта Жогорку Кеңеш натыйжалуу иш алып барууда, дагы да каражат кароо ишин улантуубуз керек, - дейт депутат Айнуру Алтыбаева бүгүн, 23 – майдагы “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Ошондой эле депутат Жал кичи районундагы узак убакыттан бери курулушу аягына чыкпай турган балдар ооруканасынын ишин жандандыруу жаатында каражат карала тургандыгын да билдирип, 1- июнь балдарды коргоо күнүнө карата аткарылуучу иш чаралар тууралуу ой бөлүштү.

Ошол эле уктурууга катышкан “Апалар мектеби” долбоорунун өкүлү Сейил Калдыбаева балдарды шыктандыруу жаатында өтүп жаткан тренингдери тууралуу айтып, өз тажрыйбасы менен тааныштырды.

Анын психолог адис катары түшүндүргөнүнө караганда, ата –энелер балдарын үч стилде тарбиялашат. Алардын биринчи тобуна авторитардык тарбиялоону кармангандар кирсе, экинчисинде антиавторитардык таалим бергендер турат. Ал эми үчүнчү топто - бала тарбиялоонун өнөктөштүк достук мамилесин кармангандар.

Пикир

Оставить комментарий