• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Балаңызды эмдөөдөн качпаңыз. Жалал-Абадда атайын окутуу өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Жалал-Абадда Саламаттык сактоо министрлигинин “Ден соолукту чыңдоо” борбору баланы эмдөө боюнча атайын окутуу өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тийиштүү дарыгерлер жана дин кызматкерлери катышты.

Борбор эмдөөнүн баланын саламаттыгы үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, ата-энелерди эмдөөгө каршы болбоого чакырды. Вакциналар баланын иммундук системасын күчөтүп, башкарууга мүмкүн болгон жугуштуу ооруларды алдын алууга, каршылык көрсөтүүгө же жеңип чыгууга жардам берет. Андыктан эмдөөнү жериген ата-энелерге түшүндүрүү ишин жүргүзүү, туура маалыматтарды жеткирүү жагы белгиленди.

Белгилей кетсек, наристени эмдетүүдөн баш тарткан көрсөткүч боюнча Жалал-Абад облусу биринчи орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий