• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

“Бала өзүн жаман сезсе мектепке алып барбаш керек”: Билим берүү министрлиги эскертет

Коом 0

Бишкек, 13.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 15-сентябрда мектептерде окуу салттуу түрдө (офлайн) башталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, билим берүү кызматкерлеринин 70 пайызы коронавируска каршы вакцина алды.

“Бала бакча, мектеп же ЖОЖ студенти болобу үйдө өзүн жаман сезсе мектепке же окуу жайына жибербеш керек. Дароо дарыгерге алып баруу зарыл. Ар бир окуу жай бул багытта иш алып барууда. Кирүү фильтри сөзсүз болот. Анткени бала өзүн жакшы сезип, мектепке келгенде дене табы көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Ошондо мектептин класс жетекчиси баланы атайын журналга белгилеп коюп, ата-энесине же дарыгерге телефон чалат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий