• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Балага кол салган иттин ээси табыла элек. Мэрия жарандардан жардам сурайт

Коом 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Кечээ, 4-апрелде Бишкектин вицэ-мэри Айжан Чыныбаева 1-апрелде борбор калаада балага кол салган ит боюнча кеңешме өткөрдү.

Мэриядан билдиришкендей, иттин ээси табыла элек.

“Аталган окуяга күбө болгондор балага кол салган иттин ээси тууралуу маалымат менен бөлүшүүнү суранабыз. “102” кызматына, 0500 43 28 15 жана 0312 37-01-73 номерлерине кайрылсаңыздар болот”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мэрия иттердин ээсине кутурма оорусуна каршы эмдөө жүргүзүп, коомдук жайларда итке тумшук кап кийгизүүнү сунуштады.

Эскерте кетсек, 1-апрелде шаардагы балдар ооруканасынын травматология бөлүмүнө иттен жабыркаган 12 жаштагы бала жаткырылган.

Свердлов райондук милициясы тарабынан аталган факты боюнча Жоруктар кодексинин 119-беренесинин ("Майда бейбаштык") негизинде иш козголгон.

Бүгүнкү күндө иттин ээсин издөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий