• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балалуу келинди унаага түшүрбөй койгон айдоочуга тиешелүү чара көрүлөт – Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Социалдык тармактарда аялдамадагы жаңжалдын видеосу пайда болгон, анда №203 маршруттук каттамдын айдоочусу күч колдонуп, коляскасы бар балалуу келинди унаага түшүрбөй койгон.

Ушуга байланыштуу, Бишкек шаарынын мэриясы агенттикке аталган каттамды тейлеген “Бригада Кеңеши” ЖЧКсынын башчысы айдоочуга карата тиешелүү чараларды көрүү үчүн саат 11:30га шаардык транспорт башкармалыгына чакырылгандыгын билдирди.

“Кароонун жыйынтыгы менен жумуштан бошотууга чейин тиешелүү тартиптик чара көрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий