• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Балалык» сейил багынын курулуш иштери уланууда – Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Бишкекте пандемияга карабастан, Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Дайыр Асанов атындагы сейил бактын маңдайында дагы бир «Балалык» жаңы сейил багынын курулуш иштери уланууда.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, курулуш иштеринин жүрүшү вице-мэр Уланбек Азыгалиевдин көзөмөлүндө.

“20-августка карата 10 гектар аянттагы сейил бакта үч оргуманын (фонтан) пайдубалы түптөлүп бетондолду. Электр тармактары, суу менен камсыздоо жана канализация түйүндөрү өткөрүлдү. Үч коомдук даараткананын курулуш иштери жыйынтыкталды”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, учурда таман таштарды, тротуардык жолдор үчүн асфальт төшөөгө жерди даярдоо иштери, ошондой эле жээк таштарды жана арыктарды орнотуу жүргүзүлүп жатат.

“Курулуштун наркы 74,7 миллион сомду түзүп, шаардык бюджеттин каражатына жүргүзүлүүдө. Аталган объектиде «Ак Ниет Курулуш» подрядчы компаниясы иштеп жатат”, - деп кошумчалашты муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий