• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэриясы: 1-класска электрондук каттоо 11-апрелде башталат

Билим 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. 2022-2023-окуу жылына 1-класска электрондук каттоо 11-апрелде башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында графикке ылайык жүргүзүлөт:

- 11-апрелде саат 9:00дөн 27-июнда саат 9:00гө чейин - мыйзамдуу жашаган жери боюнча;
- 27-июнда саат 9:00дөн 10-августтун 10:00гө чейин - учурда жашаган жери боюнча.

Белгилей кетсек, арыз берген ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өздүгүн тастыктоочу документтер (паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын жеке идентификациялык номери болмоюнча баланы 1-класска каттатуу мүмкүн эмес.

2022-жылдын 11-апрелине чейин ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр төмөнкүлөрдү даярдашы керек:

- паспорт;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- жеке идентификациялык номер (ПИН - ата-эненин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын паспортунда көрсөтүлгөн 14 орундуу идентификациялык номер. Эгерде ал жок болсо, жашаган жери боюнча калкты тейлөө борборуна (КБК) кайрылуу керек.
- Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук порталында каттоо дарегинин болушун текшерүү.

Программалык деңгээлдеги система жарандардын жеңилдетилген категорияларына артыкчылык берет:
- аскер кызматчыларынын балдары үй-бүлөлөрүнүн жашаган жери боюнча;
- тиешелүү күбөлүктөр менен Кыргызстанга көчүп келген жана кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары;
- үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына карата ушул билим берүү уюмунда бир жылдан кем эмес иштеген мугалимдердин жана мектептердин кызматкерлеринин балдары.

2022-жылдын 11-апрелине чейин аракеттеги аскер кызматкерлери, кайрылман статусуна ээ этникалык кыргыздар, мугалимдер жана мектеп кызматкерлери иштеген жеринен маалымкатты (баланы мектепке каттоо учурунда) кошумча түрдө даярдашы керек.

Баланы 1-класска кабыл алуу жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин ата-эне/мыйзамдуу өкүлү мектепке 1-августтан 10-сентябрга чейин төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:
- баланын жана ата-энесинин биринин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өздүгүн тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ата-энесинин биринин паспорту;
- ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (стандарттык бланк);
- алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (стандарттык бланк);
- баланын 3x4 см өлчөмүндөгү сүрөтү.

Эгерде документтер үстүбүздөгү жылдын 1-августунан 10-сентябрына чейинки мөөнөттө берилбесе, бала мектепке кабыл алынбайт.

Пикир

Оставить комментарий