• 79.5
  • 83.15
  • 1.47
Кыргызское национальное информационное агентство «Кабар»

Баланы тарбиялоодо үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар биринин ролу кандай?

Дүр дүйнө 0

Балага чогуу кам көрүү жана аны кароо вазыйпасы ымыркай төрөлгөндөн баштап ата-энеге тең бөлүштүрүлүшү зарыл.

Баланы тарбиялоодо үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар биринин ролу кандай?

Албетте, бала үчүн апа эң башкы адам, бирок баланы тарбиялоодо атанын ролун басынтууга болбойт.

Балага чогуу кам көрүү жана аны кароо вазыйпасы ымыркай төрөлгөндөн баштап ата-энеге тең бөлүштүрүлүшү зарыл. Ата-эненин бирдей сүйүүсү, колдоосу, жылуу мамилеси - баланын ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизи. Анын менен катар ата-эненин ар бири кыз же баланы тарбиялоодо үй-бүлөдөгү карым-катнашты кантип туура түзүү керектигин көрсөтүү менен баланын алдындагы өз милдетин аткарат. Бала 3 жашка чыкканда ата аны тарбиялоого олуттуу жана активдүү катыша башташы керек, анткени бала ымыркай кезиндегидей энеге көз каранды болбой калат. Ата баланын бардык суроолоруна жайбаракат жооп берет, оюнчуктарды ойнойт, бала менен баарлашат. Баланы тарбиялоодо атанын орду абдан маанилүү. Ал ымыркайга төрөлгөндөн баштап кам көрүп жаткан апаны бир гана физикалык же моралдык колдоодо гана эмес, баланын өнүгүүсүнө жана анын инсан катары калыптануусуна да катышуусу маанилүү.

Бөбөктү тарбиялоодо чоң ата жана чоң эненин да орду бар. Бирок алар бул процесске такыр башкача мамиле кылат. Себеби алар жаш ата-энеге караганда тажрыйбабыз көбүрөөк деп эсептешет.

Эгер баланын таеке жана таежеси болсо андан сонун. Алар балага белектерди берет, циркке, куурчак театрына алып барат, алар менен китеп окуп, сүрөт тартышат. Алар бала тарбиялоого жайдары мамиле кылышат, себеби алар тамак жасоого, баланын күнүмдүк түйшүгүнө көз каранды эмес. Бала менен убакытты кызыктуу өткөрүүгө болгон бул аракет балага пайда гана алып келет, себеби таеке жана таежелер тарбия берүүдө үстөмдүк кылууга умтулушпайт, болгону бул процесске башка түс берүүгө аракеттенишет .

Эркек бала үчүн эркектик жүрүм-турумдун үлгүсүнүн жоктугу анын кийинки жашоосуна терс таасирин тийгизет. Бала эркектик мүнөздүн, кыймыл-аракеттердин конкреттүү образдарына ээ болбой калат, мисалы, аялына жана балдарына кам көрүү, үй тиричилигине жардам берүү, чыдамкайлык, стресске каршы туруу, коргоо жана сүйүү сыяктуу күчтүү инсандык сапаттарды көрсөтүү. Ошондой эле кыз баланын жашоосуна ата катышпай калса, анда ал үй-бүлөдөгү эркектин ордун, анын апага болгон мамилеси кандай болушу керектигин толук элестете албай калат. Бардык балдар болочоктогу жашоосунда өз жүрүм-турумун ата-энелеринин жүрүм-турумунун үлгүсүндө курат. Балдардын жашоосунда атанын жоктугу белгилүү бир кемчиликтин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Мисалы, андай балдар иттен, кылмышкерлерден же агрессивдүү адамдардан коргоочунун жоктугун, жашоодо күчтүү эркектин жана таянычтын жоктугун сезет; желкесине отургузуп алып, тегеретип ойноткон, балык уулоого алып барган, саякатка алып чыккан, өзүнүн жаштыгын айтып берген адам болбогонун туят.

Ата-энелер - эң мыкты мугалимдер

Сиздин кыймыл-аракетиңизди, сөздөрүңүздү, интонацияңызды туурап, балаңыз кандай аракет кылып жатканын караңыз. Ал өзүн курчагандын баарын кездемедей эле сиңирип алат. Эрте курактан баштап баланын курчаган дүйнөсү - сиздерсиздер, ата-энелер. Чүрпөсүн ата-энесиндей эч ким билбейт жана ага камкордук, мээрим бере албайт.

Ата-энелер, сиздер үчүн көнүмүш болгон жүрүм-турум бала үчүн эталон же үлгү болуп көрүнөт, анткени сиздер аларга эң жакын жана сүйүктүү адамысыздар. Андыктан, ата-энелер балдары аларды көрүп, күн сайын эмнени сиңирип жатканы тууралуу ойлонушу керек. Эгер ата-энелер өз айланасындагы адамдарга туура жана боорукердик менен мамиле кылса, бала жүрүм-турумдун бул моделин идеал катары кабыл алат жана ата-энесин туураганга аракет кылат. Эгерде бала ата-эненин көңүлүнөн сырт калса, алдамчылык жана тартипсиздикти көрсө, анда бала кезинде алган тажрыйбасы келечекте таасирин тийгизиши мүмкүн. Ата-эненин кадыр-баркы бала чоңойгон сайын төмөндөп, 14 жашка чейинкидей болбой калат. Ошондуктан бала төрөлгөндөн баштап 14 жашка чейин ата-энеден көп нерсени үйрөнө алат, а ата-энелерде мыкты мугалим болуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк бар.

Сөздүн күчү

Ата-энелер «болбойт», «мен сага бир нече жолу айттым го», «сен эмнеге укпай жатасың?» деген сыяктуу сөздөр менен бакырып, баланын психикасын бузбашы керек. Анткени кыжырдануу, кыйкыруу менен ата-эне балага зыянын гана тийгизет.

Сөздүн күчүндө ушунда, балага түшүнүктүү сөздөрдү таба билишибиз талап. Бул сөздөр балага ишеним берип, анын башкаларга керектигин, аны сүйгөн адамдар бар экенин сездирет. Мисалы, үй-бүлөдө экинчи бала төрөлдү, чоңдордун баарынын көнүлү кичинекейге өтүп кетет. Бала өзүн жакындарынын арасында жат сезбеши үчүн «сен да ушундай кичинекей жана алсыз элең», же болбосо «карындашың сенден үлгү алат» деген сөздүн магиясы балада кызгануу сезимин жоюуга жардам берет.

Кежирлиги токтош үчүн бала сиз талап кылган нерсени дароо аткарышы кажет эмес. «Биз азыр тынчтанып, көз жашыбызды аарчып, анан чогуу барып тиги жумуштарды жасайбыз…» деген жылуу сөздөрдүн күчү ишеним берип, өз жүрүм-туруму же каалоосу менен күрөшүүгө жардам берет.

А эгер балага сөздүн касиети тууралуу айтып жана ал жеке практикада же күнүмдүк турмушта кантип иштей турганын көрсөтүп берсе, бала үчүн сөз чыныгы сыйкырга айланат.

Баланын күн тартиби

Бала төрөлгөндөн тарта анын күнүмүк режими калыптана баштайт. Бул жерде жаратылыш факторлору жана тарбия берүүчү жагдайлар бар.

Күн тартиби - баланын ар тараптуу дени сак өнүгүшүн шарттаган жүрүм-турумунун өзгөрүшү. Күн тартибинин жоктугу чоңдор үчүн кыйын болот, ал эми бала үчүн бүт дүйнө башаламан болуп калат.

Бала уйку, эс алуу, ойноо жана тамактануу үчүн белгилүү бир убакытка ээ болбой, физикалык жактан акырын өнүгөт. Ал кежир жана тынчы жок болот. Сейилдөө, оюн үчүн бөлүнгөн убакыт балага китеп окуп берүү же анын курсагын тойгозууга кеткен убакыт менен акырындап дал келиши зарыл. Баланын күнүмдүк режиминен уйкунун убактысын алып салууга болбойт, анткени ал өсүшү үчүн күч-кубатка ээ болушу керек.

Ошондуктан эс алууну жана сергектикти туура бөлүштүрүү, физикалык жана акыл көнүгүүлөрүн күнүмдүк режимге киргизүү балдардын организиминин толук жана кыйынчылыксыз өнүгүүсүнө жардам берет.

Анара Айнекенова, логопед-дефектолог, социалдык терапевт

Пикир

Оставить комментарий