• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Баластан кубогу” таймашынын экинчи туру 28-февралда өтөт

Коом 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. “Баластан кубогу” таймашынын экинчи туру К.Баялинов атындагы балдар китепканасында 28-февралда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо" жылына карата "Баластан" интерактив журналы, Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте “Баластан кубогу” таймашын уюштурган.

Таймаштын 1-туру 27-январдан 1-февралга чейин Бишкекте (Свердлов району, Октябрь району, Биринчи май району жана Ленин району), Нарында (Кочкор району, Жумгал району, Нарын шаары, Нарын району жана Ак-Талаа району), Ысык-Көлдө (Каракол шаары, Түп району, Ысык-Көл району, Балыкчы шаары жана Тоң району), Жалал-Абадда (Чаткал району, Токтогул району), Ошто, Баткенде жана Чүйдө тест түрүндө өттү.

Тест “Баластан” интерактив журналынын № 41, 42, 43, 44 сандары боюнча түзүлүп, анда 40 суроодон турган А (1-2-класстар) жана Б (3-4-5-6-класстар) барагы болду.

Балдар арасын кыргыз тил, балдар адабиятын жана маданиятын жайылтуу максатында өткөрүлгөн бул таймашка 7 жаштан 12 жашка чейинки окуучулар катышты.

Жыйынтыгында ар бир райондон 1-2-3-орун алган окуучулар жана уюштуруу иштерине жигердүү катышкан мугалимдер грамота менен сыйланды.

Ал эми эң алдыңкы делген 39, 40 упай алган 119 окуучу 28-февралда К. Баялинов атындагы балдар китепканасында саат 09:00дө өтө турган финалга (2-турга) жолдомо алды.

Пикир

Оставить комментарий