• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баласы таяк менен уруп, аялы бычактаган. Оштогу окуянын чоо-жайы маалым болду

Кырсык 0

Бишкек, 21.06.18. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда үстүбүздөгү жылдын 17-июнунда болжол менен саат 08:00дөр чамасында киши колдуу болуп өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылган. Маркумду үйүнүн короосуна көмүп коюшкан. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары 1981-жылкы А.Х. жана анын уулу 2002-жылкы М.у.И. камакка алынды. Кылмышка шектүүлөр Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын жашоочулары.

Болжолдуу маалымат боюнча окуяга жубайлардын ортосундагы пикир келишпестик себеп болгон.

“Маркум насыяга 53 миң сомдук автоунаа сатып алган жана ошол акчаны төлөө үчүн насыя алууну чечкен, бирок аялы ага каршы болгон. Ортодогу чыр-чатак менен насыя алынган. Бирок алынган насыяны ай сайын төлөөгө келгенде кыйынчылык жаралгандыктан, маркум үйүн сатууну чечкен. Аялы күйөөсүнүн бул чечимине каршы болуп, ортодогу чыр-чатактан уруш пайда болгон”, - деп кабарлашты милициядан.

2018-жылдын 15нен 16-июнга караган түнү жубайлардын ортосунда чыр чыккан. Уулу апасына болушуп, атасын таяк менен башка чапкан.

“Аялы бычак менен ич тарабына бир нече жолу сайган. Кылмыштын изин жашыруу максатында маркумдун сөөгүн үйүнүн астындагы короого көмүп салышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүүлөр болгон окуяны жашыруу үчүн маркумдун атынан кат жазышкан: “Мен капысынан Россияга жумушка кеттим. Силер менен коштошконго убактым болбоду. Үйдүн документин чоң уулума берип койгула, паспорт алып алсын, насыяга алган автоунааны сатып, насыяны төлөшсүн”, - деп жазылган катты туугандарына алып барып көрсөтүшкөн.

Милициядан маалымдашкандай, маркумдун бир тууган агасы шек санап, каттагы жазуу башка адам тарабынан жазылгандыгын байкап калган.

“Маркумдун агасы бир тууганын издеп үйүнө келген. Ошол учурда аялы кан болгон жууркандарды өрттөп жаткан болот. Агасы дароо милицияга кайрылган, аны билип калган шектүү аял качып кеткенге үлгүргөн”, - деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, короого көмүлгөн маркумдун жансыз денесин табышкан.

Учурда кылмышка шектүү катары маркумдун 37 жаштагы аялы жана 16 жаштагы уулу камакка алынган.

Катталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен эне-бала эки айга камалды.

Пикир

Оставить комментарий