• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баласын тепкен кишинин аялы аны аталык укугунан ажыратууну өтүнүүдө

Коом 0

Бишкек, 4.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте баласын тепкен кишинин аялы аны аталык укугунан ажыратууну өтүнүүдө. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Эльхан үй бүлөдө жалгыз бала. Социалдык кызматтын кызматкерлерине Эльхандын апасы билдиргендей, күйөөсү тарабынан мындай оройлукту байкаган эмес. Анын айтуусунда, анын көзүнчө күйөөсү баласына кол көтөрчү эмес.

“Баланын апасы түшүндүрмө жазып, күйөөсү абдан оор басырыктуу болгондуктан андан мындайды күтпөгөндүгүн билдирди. Чекпейт, ичпейт. Мурда мындай агрессияны көрсөтчү эмес. Боорукер адам болчу”,-деп билдирди баланын апасы.

Бүгүнкү күндө бала менен психологдор иш алып барышууда. Анын абалы туруктуу деп бааланууда. Андан сырткары, соцөнүктүрүү кызматкерлери билдиргендей, баланын апасы да психологдун жардамына муктаж, анткени ал шок абалында.

“Жада калса баланын апасы менен психологдор иштешүүдө. Ал күйөөсү тарабынан баласына мындай оройлукту күткөн эмес”,-деп кошумчалашты ведомстводон.

Саламаттыктык сактоо министрлигинен кошумчалашкандай, аларга бала 3-декабрда келип түшкөн, анын денеси көгөрүп калган, бирок аны ошондо эле үйүнө алып кетишкен.
Эске сала кетсек, мурда 2-декабрда “Улан-2” кичи районунда окуянын күбөсү бөбөктү ичке тепкен кишини видеого тартып, социалдык тармактарга жайылткан. Андан соң аны кармап, убактылуу кармоочу жайына киргизишкен.

Пикир

Оставить комментарий