• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балатылардан карды эмне үчүн тазалаш керек? “Бишкекжашылчарба" ишканасынын жообу

Коом 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы ийне жалбырактуу дарактардан карды эмне үчүн тазалоо керектигин түшүндүрөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ийне жалбырактуулар кышка чыдамдуу өсүмдүктөр, бирок кышында алар өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, анткени алар үшүктөн жабыркайт, өзгөчө алгачкы жылдарда. Ийне жалбырактуу өсүмдүктөр кышында нымдуулукту буулантууну уланта беришет, ошондуктан алар топуракта нымдуулуктун жетишсиздигинен жабыркашы мүмкүн.

"Кышында ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдү коргоонун жолдорунун бири нымдуу кардан жана пайда болгон муздан тазалоо болуп саналат", - деп белгилешти ишканадан.

Ведомстводон кошумчалашкандай, жалбырактуу дарактар кыштын суугуна жакшы туруштук берүү үчүн жалбырактарын тыштайт, бирок ийне жалбырактуулар жашыл “кийимдерин” кийип кала беришет. Өсүмдүктөрдүн үстүндө кар көп болсо, анда аны мезгил-мезгили менен тазалап туруу керек, антпесе абанын жетишсиздигинен жана кар катмарынын оордугунан өлүп калышы мүмкүн.

Кардын жука катмары жана муз тоң чогулат, демек алар өсүмдүктөрдүн эпидермисине зыян келтириши мүмкүн.

Ошондуктан «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Юнусалиев, Токтоналиев, Масалиев, Токомбаев, Гагарин көчөлөрүндөгү, Манас проспектисиндеги ийне жалбырактуу өсүмдүктөргө кардан арылууга жардам беришүүдө. Бул эң жөнөкөй жол менен болот, багбандар жай мезгилиндегидей шаймандарды колдонуп, дарактардан жабышкан карды силкип салышат.

Пикир

Оставить комментарий