• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балбай Дордоков Болгариядагы эл аралык мелдештин финалына чыкты

Спорт 0


Бишкек, 18.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык Балбай Дордоков грек-рим күрөшү боюнча Болгарияда өтүп жаткан Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешинин финалына чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарында өтүүдө.

Дордоков 55 кг салмакта мелдештин жарым финалында алжирдык балбанды 6:4 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.

Аталган салмак категориясынын финалы бүгүн, 18-февралда Бишкек убактысы менен саат 22:00дө болот.

Эскерте кетсек, Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий