• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин м.а. болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Түлөбаев Балбак Зарлыкович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Тийишелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Премьер-министрдин башка буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэри шайланганга чейин Түлөбаев Балбак Зарлыкович Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий