• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн эмгек жамаатына тааныштырылды

Аймак 0

Бишкек, 27.07.20./Кабар/. Бүгүн, 27-июль күнү өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматына жаңы дайындалган Балбак Түлөбаев эмгек жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров эмгек жамаатты премьер-министр Кубатбек Бороновдун Балбак Түлөбаевди облус башчысы кызматына дайындоо жана Акылбек Осмоналиевдин башка кызматка кетип жатканына байланыштуу кызматтан алуу тууралуу эки буйругу менен тааныштырган.

Буга чейин Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратын жетектеп келген.

Пикир

Оставить комментарий