• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Балбак Түлөбаев кызматтан кетти. Бишкектеги монорельстүү транспорттун долбоору эмне болот?

Коом 0

Бишкек, 09.02.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Буга чейин "Бишкек монорельстүү транспорттук тутум" долбоору сунушталган.

Бишкектеги маалымат жыйында Балбак Түлөбаев борбор калаадагы монорельстүү транспорттун долбоору уланышы керектигин белгиледи.

"Ал келечектин долбоору. Түштүк Корея жана башка өлкөлөргө барганда рельстери үйлөрдүн ичинен өтүп жатканын көрдүм. Ал эми бизде болсо бардыгы даяр. Аламүдүн дарыясына 17 чакырым, Ала-Арча суусуна 19 чакырымга курса болот. Инфраструктура даяр. Долбоор уланышы керек. Мэриянын күчү жетпейт, бирок инвесторлорду тартыш керек", - дейт ал.

Эскерте кетсек, Балбак Түлөбаев мэрдин милдетин аткаруучулук кызматтан кетип, анын ордуна Эрмек Нургазиев келди.

Пикир

Оставить комментарий