• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Балбак Түлөбаев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Мирсабиров менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирсабиров менен жолукту.

Мэриядан билдиришкендей, Бишкек менен Ташкендин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери талкууланды. Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Бишкек менен Ташкендин байланышын аныктап, сүйлөшүүлөрдүн кийинки этабы үчүн маанилүү негиз боло турган бир катар идеяларды жана сунуштарды бириктирүү чечими кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 1996 жана 2017-жылдары Бишкек менен Ташкент шаарынын мэриясынын ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлган. 1993-жылы 4-сентябрда Бухара шаарынын акимчилиги менен кызматташуу, ошондой эле Самарканд облусу менен экономикалык жана маданий кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий