• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Балбан Акжол Махмудов батирлүү болду

Спорт 0

Бишкек, 14.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Балбан Акжол Махмудов батирлүү болду. Бул тууралуу спортчу өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Махмудов көп жылдан бери “Дордой” спорттук клубунун катарында экенин жазып, аталган клуб ага спорттогу жетишкендиги үчүн Бишкектен бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырганын маалымдады.

“"Дордой" спорттук клубунун негиздөөчүсү Аскар Мааткабыловичке жана башкы директору Шаршен Рахимовичке спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдиргим келет”, - деп билдирүү калтырган балбан.

Эскерте кетсек, грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси жана Азиянын эки жолку чемпиону.

Пикир

Оставить комментарий